Сараңдык

Сараңдык бул кедей болуп калуудан коркуп мал-дүйнөсүн сарптабоо. Алла Таала сараңдыктан эскертип мындай деген:

                قال تعالى: } وَأَمَّا مَنْ بَخِلَ وَاسْتَغْنَى وَكَذَّبَ بِالْحُسْنَى فَسَنُيَسِّرُهُ لِلْعُسْرَى {(الليل:8-10)

Алла Таала айтты: «Ал эми, ким (байлыгын Алла Таала жолуна сарптоодон) сараңдык кылып (Алла Таала бере турган сооптордон) текеберленсе, жана жакшылыкты (Бейишти) жалган десе,анда  Биз ага (дүйнөдө жана Акыретте бактысыз боло турган) оор жолду “жеңил” кылабыз».                                 (Лайл: 8-10)

Сараңдык ээсин зулумдукка, адам өлтүрүүгө акысыз адамдардын мал-мүлкүн жегенге, акылардын жоголуп кетүүсүнө жер бетине бузукулуктун жайылуусуна алып барат.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «اتَّقُوا الظُّلْمَ فَإِنَّ الظُّلْمَ ظُلُمَاتٌ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَاتَّقُوا الشُّحَّ فَإِنَّ الشُّحَّ أَهْلَكَ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ حَمَلَهُمْ عَلَى أَنْ سَفَكُوا دِمَاءَهُمْ وَاسْتَحَلُّوا مَحَارِمَهُمْ» {رواه مسلم: 2578}

Алланын элчиси (ага Алланын салаватсаламдары болсун) айтты: «Зулумдук кылуудан сактангыла! Анткени, ал Кыямат күнү көп караңгылыктарга (кыйынчылыктарга) айланат. Сараңдыктан сактангыла! Анткени, ал силерден мурдакыларды кыйраткан (жок кылган). Аларды кан төгүүгө жана арам нерселерди адал кылууга алып барган».               (Муслим: 2578)

Кыямат күнү мусулман пендеден сурала турган суроолордун бирөөсү мал-мүлкүн  кайдан таап, каякка жумшагандыгы жөнүндө болот.

قال تعالى: }وَلَا يَحْسَبَنَّ الَّذِينَ يَبْخَلُونَ بِمَا آَتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ هُوَ خَيْرًا لَهُمْ بَلْ هُوَ شَرٌّ لَهُمْ سَيُطَوَّقُونَ مَا بَخِلُوا بِهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ{   (آل عمران: 180)

 Алла Таала айтты: «Алла Таала Өз пазилети себептүү берген нерселерин (зекетин) берүүгө сараңдык кылган адамдар, бул (жоругу) өздөрү үчүн жакшы (пайда) деп ойлобосун. Бул алар үчүн жамандык. Сараңдык кылып бербеген нерселери Кыямат күнү алардын мойнуна оролот».                     (Али Имран: 180)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «لَا تَزُولُ قَدَمَا عَبْدٍ يَوْمَ الْقِيَامَةِ حَتَّى يُسْأَلَ عَنْ عُمُرِهِ فِيمَا أَفْنَاهُ وَعَنْ عِلْمِهِ فِيمَ فَعَلَ وَعَنْ مَالِهِ مِنْ أَيْنَ اكْتَسَبَهُ وَفِيمَ أَنْفَقَهُ وَعَنْ جِسْمِهِ فِيمَ أَبْلَاهُ» {رواه الترمذي: 2417}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кыямат күнү пенде өмүрүн кайда өткөргөндүгү, алган илимине эмне амал кылгандыгы, мал-мүлкүн кайдан таап, каякка сарптагындыгы жана денесин кайда чириткендиги (каарыткандыгы) жөнүндө суралмайынча эки буту ордунан жылбайт».                                                                                    (Тирмизий: 2417)

Инсандын руханий садакасыз (Алла Тааланы эскерүү сыяктуу) же материалдык садакасыз (нафака[1], белек берген сыяктуу) өткөргөн ар бир күнү анын зыянына күбө болот. Момун пенде мал-мүлкүн Алла Таала жолунда сарптайт жана башкаларды да ага үндөйт. Ал эми, каапыр болсо, сараңдык кылат жана башкаларды да сараңдыкка буюрат.

قال تعالى: }إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ مُخْتَالًا فَخُورًا الَّذِينَ يَبْخَلُونَ وَيَأْمُرُونَ النَّاسَ بِالْبُخْلِ وَيَكْتُمُونَ مَا آَتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا{ {النساء: 36-37}

 Алла Таала айтты: «Алла Таала текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт. Алар өздөрү да сараңдык кылышат, адамдарды да сараңдыкка буюрушат жана Алла Таала Өз пазилетинен берген нээматтарды (адамдардан) жашырат. Биз мындай каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз».                                                                                                                       (Ниса: 36-37)

Ошондуктан мусулман бир тууганым сени Алла Тааладан алыстатып, шайтанга жакындата турган бул жаман сапаттан алыс (сак) бол!


[1] Каржылоо.

Бул жакты да көргүлө

Көрө албастык

Көрө албастык бул башкаларга берилген нээмат (жакшылык) тын кетүүсүн (жок болуусун) каалоо. Ал мусулман адамга …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!