Кыянат кылуу

Алла Таала бизди кыянат кылуудан кайтарып мындай деген:

                قال تعالى: }يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا لَا تَخُونُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ وَتَخُونُوا أَمَانَاتِكُمْ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ{   (الأنفال: 27)

Алла Таала айтты: «Оо, ыйман  келтирген пенделер! Алла Таалага, пайгамбарга жана силерге (ишенип) тапшырылган аманаттарга билип туруп кыянат кылбагыла»![1]                                                                    (Анфал: 27)

Кыянат кылуу мунафыктардын (эки жүздүүлөрдүн) сапаттарынан.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «آيَةُ الْمُنَافِقِ ثَلَاثٌ إِذَا حَدَّثَ كَذَبَ وَإِذَا وَعَدَ أَخْلَفَ وَإِذَا اؤْتُمِنَ خَانَ»

 {رواه البخاري: 33}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Мунафыктын белгиси үчөө: сүйлөгөндө калп айтат, убада берсе, аткарбайт, аманат тапшырылса, кыянат кылат».                           (Бухарий: 33)

 Ислам дининде аманатка кыянат кылуу арам.

Коомчулукта кеңири тараган кыянаттыктын кээ бир түрлөрү төмөнкүлөр:

1.   Жеке адамдардын мал-мүлкүнө кыянат кылуу. Өзгөчө жетимдердин.

قال تعالى: }إِنَّ الَّذِينَ يَأْكُلُونَ أَمْوَالَ الْيَتَامَى ظُلْمًا إِنَّمَا يَأْكُلُونَ فِي بُطُونِهِمْ نَارًا وَسَيَصْلَوْنَ سَعِيرًا{   (النساء: 10)

 Алла Таала айтты: «Албетте, жетимдердин мал-мүлкүн зулумдук менен (акысыз) жей турган адамдар (Кыямат күнү) өз курсактарына отту  толтурушат жана алар  Тозокко киришет».                                           (Ниса: 10)

2.    Шериктештиктеги кыянаттык.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «أَنَا ثَالِثُ الشَّرِيكَيْنِ مَا لَمْ يَخُنْ أَحَدُهُمَا صَاحِبَهُ فَإِذَا خَانَهُ خَرَجْتُ مِنْ بَيْنِهِمَا»                                    {رواه الحاكم: 2322 وصححه. وضعفه الألباني}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Эки шерик бири экинчисине кыянат кылбаганча Мен алардын Үчүнчүсүмүн. Качан алардын бирөөсү экинчисине кыянат кылса, Мен алардын арасынан чыгып кетем».                                                                                                      (Хаким: 2322)

3.  Кеңеш берүү, фатва[2] берүү жана насаат кылуудагы кыянаттык. 

قال رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «مَنْ أُفْتِيَ بِغَيْرِ عِلْمٍ كَانَ إِثْمُهُ عَلَى مَنْ أَفْتَاهُ وَمَنْ أَشَارَ عَلَى أَخِيهِ بِأَمْرٍ يَعْلَمُ أَنَّ الرُّشْدَ فِي غَيْرِهِ فَقَدْ خَانَهُ» {رواه أبو داود: 3652}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимге илимсиз фатва берилсе, (ага таянып күнөөгө батса), анын күнөөсү фатва бергенге болот. Кимде-ким, пайда андан башкасында экенин билип туруп, (диндеги) бир тууганына бир ишти жасоого кеңеш берсе, чынында ага кыянат кылды».                                                                                        (Абу Давуд: 3652)

Ислам дининде кыянат кылган адамга да кыянат кылууга жол берилбейт (арам).

قال رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَدِّ الْأَمَانَةَ إِلَى مَنْ ائْتَمَنَكَ وَلَا تَخُنْ مَنْ خَانَكَ» {رواه أبو داود: 3534}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Аманат бергенге аманатын кайтарып бер! Сага кыянат кылганга кыянат кылба!».                                                                                                                                      (Абу Давуд: 3534)


[1] Адам баласы өз каалоосу менен ыйман келимесин айтып, Ислам динин кабыл алганда, Исламда (Куранда) айтылган бардык өкүмдөрдү аткарууга Алла Таала менен пайгамбарын ишендирген, башкача айтканда өз мойнуна аманат алган болот. Кийин эгер ал Кураан өкүмдөрүн бузса – бул анын Алла Таалага жана пайгамбарына кыянат кылганы. Ошондой эле, мусулман пенде башка мусулман пенделеринин аманаттарына, убадаларына да кыянат кылбоосу – парыз.

[2] Фатва – кайсы бир жаңы пайда болгон суроого, милдеттүү түрдө аткарылуусу шарт болбогон абалда , жалпылай көрсөтмө берилип, шарьий далилдердин негизинде айтылынган диний маселедеги Аллах Тааланын өкүмүнөн кабар берүү. Жөнөкөйлөтүп айтканда фатва дегенибиз “диний маселеге жооп берүү” демек.

Бул жакты да көргүлө

Көрө албастык

Көрө албастык бул башкаларга берилген нээмат (жакшылык) тын кетүүсүн (жок болуусун) каалоо. Ал мусулман адамга …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!