Жамандалган сапаттар
Калп айтуу чон күнөөлөрдөн болуп саналат.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «وَإِيَّاكُمْ وَالْكَذِبَ فَإِنَّ الْكَذِبَ يَهْدِي إِلَى الْفُجُورِ وَإِنَّ الْفُجُورَ يَهْدِي إِلَى النَّارِ وَمَا يَزَالُ الرَّجُلُ يَكْذِبُ وَيَتَحَرَّى الْكَذِبَ حَتَّى يُكْتَبَ عِنْدَ اللَّهِ كَذَّابًا» {رواه البخاري: 6094 ومسلم: 2607}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Калп айткандан сактангыла (алыс болгула)! Анткени, ал бузукучулукка багыттайт. Бузукучулук болсо, от(тозок)ко багыттайт. Бир адам ар дайым калп айтып, калпты кааласа, Алла Тааланын алдында калпычы – деп жазылат». (Бухарий: 6094. Муслим: 2607)
Калп айтуу шариятта тыюу салынган арам иштерден.
Өзгөчө төмөнкүлөрдө:
1. Алла Таалага калп айтуу.
Ал Алла Тааланын адал кылган нерсесин арам деп, арам кылган нерсесин адал – деп айтуу.
قال تعالى: }وَلَا تَقُولُوا لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمُ الْكَذِبَ هَذَا حَلَالٌ وَهَذَا حَرَامٌ لِتَفْتَرُوا عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ{ {النحل: 116}
Алла Таала айтты: «Алла Таалага жалган жалаа жабуу үчүн тилиңерге келген жалганды сүйлөп: “Бул – адал, бул — арам” дей бербегиле. Алла Таалага жалаа жапкандар[1] (Тозоктон) эч кутулбайт». (Нахл: 116)
2. Алланын элчисине калп айтуу.
Ал жалгандан бир хадис ойлоп чыгарып, аны Алланын элчисине (ага Алланын салават-саламдары болсун) жабыштыруу.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «مَنْ كَذَبَ عَلَيَّ مُتَعَمِّدًا فَلْيَتَبَوَّأْ مَقْعَدَهُ مِنْ النَّارِ» {رواه البخاري: 107}.
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким, мага атайлап калп айтса (мен айтпаган сөздү айтты десе) ага тозоктон орун даярдалат». (Бухарий: 107)
3. Мамиледеги калп айтуу.
Өзгөчө соода-сатык иштеринде. Ал – жалгандан мунун өз баасы ушунча же эң эле сапаттуусу ушул деп айтуу. Ошондой эле, буюмдун (товардын) жаман жагын жашырып, жакшы жагын көрсөтүү.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ غَشَّنَا فَلَيْسَ مِنَّا» {مسلم: 101}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Ким бизди алдаса, бизден эмес». (Муслим: 101)
4. Сөзүндө калп айтуу.
Ал мунафыктардын (эки жүздүүлөрдүн) сапаттарынан.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَرْبَعٌ مَنْ كُنَّ فِيهِ كَانَ مُنَافِقًا خَالِصًا وَمَنْ كَانَتْ فِيهِ خَصْلَةٌ مِنْهُنَّ كَانَتْ فِيهِ خَصْلَةٌ مِنْ النِّفَاقِ حَتَّى يَدَعَهَا إِذَا اؤْتُمِنَ خَانَ وَإِذَا حَدَّثَ كَذَبَ وَإِذَا عَاهَدَ غَدَرَ وَإِذَا خَاصَمَ فَجَرَ» {رواه البخاري: 34}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде төрт (сапат) болсо, анда ал таза мунафык (эки жүздүү) болот. Кимде алардын бирөөсү болсо, андан арылганча ал адамда мунафыктыктын бир сапаты болот. (алар): аманат берилсе, кыянат кылат, сүйлөгөндө калп айтат, убада берсе, аткарбайт, талашып калса, бузукулук кылат». (Бухарий: 34)
قال رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ مِنْ أَفْرَى الْفِرَى أَنْ يُرِيَ عَيْنَيْهِ مَا لَمْ تَرَ» {رواه البخاري: 7043}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Жалгандын эң жаманы (күнөөсү оору) көрбөгөндү көрдүм деп айтуу». (Бухарий: 7043)
5. Түштөгү калп.
Ал түшүндө көрбөгөн нерселерди көрдүм деп айтуу.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ تَحَلَّمَ بِحُلْمٍ لَمْ يَرَهُ كُلِّفَ أَنْ يَعْقِدَ بَيْنَ شَعِيرَتَيْنِ وَلَنْ يَفْعَلَ» {رواه البخاري: 7042}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким түшүндө көрбөгөн нерселерди көрдүм деп айтса, (Кыямат күнү) эки арпа данын бириктирип байлаганча азапталат (жүктөлөт) Бириктирип байлай албайт». (Бухарий: 7042)
6. Тамашалап жана элдерди күлдүрүү үчүн калп айтуу.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «وَيْلٌ لِلَّذِي يُحَدِّثُ فَيَكْذِبُ لِيُضْحِكَ بِهِ الْقَوْمَ وَيْلٌ لَهُ وَيْلٌ لَهُ» {رواه أبو داود: 4990}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Элдерди күлдүрүү үчүн жалган сүйлөгөн адамга азап болсун! Азап болсун! Азап болсун»! (Абу Давуд: 4990)
[1] Арам – бул Алла Таала арам кылган нерсе. Адал – бул Алла Таала адал кылган нерсе. Кимде-ким Кураанга негизделбей, оюнан чыгарып “бул – адал, бул — арам” дей берсе ал Алла Таалага жалаа жапкан болот.