Ислам дини дос болсун душман болсун жакын тууган же бөтөн адам болсун баарына адилеттүү болууга буюрат.
قال تعالى: }إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُ بِالْعَدْلِ وَالْإِحْسَانِ وَإِيتَاءِ ذِي الْقُرْبَى{ {النحل: 90}
Алла Таала айтты: «Албетте, Алла Таала адилеттүүлүккө, жакшылыкка жана тууган-уруктарга кайрымдуулук кылууга буюрат» (Нахл: 90)
Алла Таала бардык иштерде адилеттүү болууга буюрган.
Өзгөчө төмөнкүлөрдө:
1. Өкүм чыгаруудагы адилеттүүлүк.
قال تعالى: }إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تُؤَدُّوا الْأَمَانَاتِ إِلَى أَهْلِهَا وَإِذَا حَكَمْتُمْ بَيْنَ النَّاسِ أَنْ تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ{ {النساء: 58}
Алла Таала айтты: «Албетте, Алла Таала силерди аманаттарды өз ээлерине тапшырууга жана адамдар арасында өкүм калганыңарда адилет өкүм кылууга буюрат». (Ниса: 58)
قال تعالى: }يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا كُونُوا قَوَّامِينَ بِالْقِسْطِ شُهَدَاءَ لِلَّهِ وَلَوْ عَلَى أَنْفُسِكُمْ أَوِ الْوَالِدَيْنِ وَالْأَقْرَبِينَ إِنْ يَكُنْ غَنِيًّا أَوْ فَقِيرًا { {النساء: 135}
Алла Таала айтты: «Оо,ыйман келтирген пенделер! Адилеттүүлүктү бекем кармоочу жана өзүңөрдүн, ата-энеңердин, тууган-уругуңардын зыянына болсо да (жана) ал бай же кембагал болсо да Алла Таала үчүн туура күбөлүккө өтүүчү болгула». (Ниса: 135)
2. Таразадагы адилеттүүлүк. Мусулман адам сатып алганда толугу менен алып, сатканда башкалардын акысын кемитип, таразадан алдабайт.
قال تعالى: }وَيْلٌ لِلْمُطَفِّفِينَ الَّذِينَ إِذَا اكْتَالُوا عَلَى النَّاسِ يَسْتَوْفُونَ وَإِذَا كَالُوهُمْ أَوْ وَزَنُوهُمْ يُخْسِرُونَ{ {المطففين: 1-3}
Алла Таала айтты: «Таразадан алдагандарга азап болсун! Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тартырып) алган кезде толтуруп алышат. Башкларга өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет». (Мутаффифиин: 1-3)
3. Аялдардын ортосундагы адилеттүүлүк.
Мусулман адам көп аялдуу[1] болсо, алардын ортосунда каржылоо, багуу жана түнөө ж.б.у.с. нерселерде адилеттүү болот. Адилеттүү боло албай калуудан корксо, анда бир эле аял менен чектелсин.
قال تعالى: } فَإِنْ خِفْتُمْ أَلَّا تَعْدِلُوا فَوَاحِدَةً { (النساء: 3)
Алла Таала айтты: «Эми эгер (алардын арасында) адилеттүүлүк кыла албастыктан корксоңор, анда бир эле аялга (үйлөнгүлө)». (Ниса: 3)
4. Балдардын ортосундагы адилеттүүлүк.
Мусулман адам балдарынын ортосунда адилеттүү болот. Жадагалса өбүү, сылоо, эркелетүү, белек берүү ж.б.у.с. нерселердин баарында адилеттүү болот. Анткени, бирөөсүн башкаларынан артык көрүү алардын бирин-бири жаман көрүүсүнө жана ортолорунда душмандык пайда болуусуна себеп болот.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم: «فَاتَّقُوا اللَّهَ وَاعْدِلُوا بَيْنَ أَوْلَادِكُمْ» {رواه البخاري: 2587 ومسلم: 1623}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Алладан корккула! Балдарыңардын ортосунда адилеттүү болгула». Бухарий: 2587. Муслим: 1623)
5. Бардык адамдар менен болгон адилеттүүлүк.
Мусулман адам бардык адамдар менен адилеттүү болууга буюрулган. Алар мусулман болсун же каапыр болсун айырмасы жок.
قال تعالى: }وَلَا يَجْرِمَنَّكُمْ شَنَآَنُ قَوْمٍ عَلَى أَلَّا تَعْدِلُوا اعْدِلُوا هُوَ أَقْرَبُ لِلتَّقْوَى وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ{ {المائدة: 8}
Алла Таала айтты: «Бир коомду жаман көрүүңөр, аларга адилетсиздик кылууга силерди мажбурлап койбосун! Адилеттик кылгыла! Ошол такыбалыкка жакыныраак. Алла Тааладан корккула! Албетте, Алла Таала силердин (кылып жаткан) ишиңерден Кабардар»[2] (Маида: 8)
Алла Таала адамдардын акысын кемитип калуудан кайтарып мындай деген:
قال تعالى: }وَلَا تَبْخَسُوا النَّاسَ أَشْيَاءَهُمْ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ { {الشعراء: 183}
Алла Таала айтты: «Адамдардын нерселерин (акыларын) кемитпегиле! Жана жер бетинде бузукулук кылбагыла»! (Шуара: 183)
Жер бетине адилеттүүлүктүн орноосуна тескери таасирин тийгизген паракорлук, бурмалоо жана кошоматчылык сыяктуу нерселерди Ислам дини арам кылган.
[1] Шариятта бирден төрткө чейин уруксат берилет.
[2] Ислам адилет маселесинде тууган-урук, тааныш-билиш, мусулман-каапыр деп ажыратпайт. Күбөлүккө өтүүчү мусулман эгер чындык душман же каапыр тарапта болсо да Алла Таала үчүн туура күбөлүк берет. Себеби ал Алла Таала бардык иштерден кабардар экенине ыйман келтирген.