Мээримдүүлүк

      Мээримдүүлүк – Ислам дининин негизги принциптеринен болуп эсептелет. Коомчулуктагы алсыз, бей-бечара, кароосуз калган кишилерге боор ооруу менен аларды көзөмөлгө алуу, колунда бар нерсени тең бөлүшүү, шериктеш болуу карызын төлөөгө кудурети жетпеген адамдын карызын кечип жиберүү жана муктаждарга жардам берүү, каарыларды урматтоо, адашкандарды туура жолго багыттоо ж.б.у.с. сапаттар инсандын мээримдүү экендигине далил болот.

    Жетим-жесирлерге жана колунда жок кедейлерге мээримдүүлүк кылуу – алардын муктаждыктарын аткаруу менен болот. Анын сообу Алла Тааланын жолунда согушкандын сообу менен барабар.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «السَّاعِي عَلَى الْأَرْمَلَةِ وَالْمِسْكِينِ كَالْمُجَاهِدِ فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَوْ الْقَائِمِ اللَّيْلَ الصَّائِمِ النَّهَارَ»                       {رواه البخاري: 5353 ومسلم: 2982 }

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Жесирдин жана кедейдин муктаждыгын аткарган адам Алла Таала жолунда согушкандай (соопко ээ болот) же түндү ибадат менен өткөрүп күндүз орозо кармап жүргөн адамдай (соопко ээ болот)».                    (Бухарий: 5353. Муслим: 2982)

    Мээримдүүлүк алсыз жана кичинекейлерди сыйлоо ал эми, улууларды болсо, урматтоо менен болот.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «مَنْ لَمْ يَرْحَمْ صَغِيرَنَا وَيَعْرِفْ حَقَّ كَبِيرِنَا فَلَيْسَ مِنَّا» {رواه أبو داود: 4943}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким кичинекейлерибизге мээримин төкпөсө, улууларыбыздын укугун билбесе (урматтабаса), бизден эмес».                                                               (Абу Давуд: 4943)

    Мээримдүү пенделер Алла Тааланын ырайым кылуусун үмүт кылышат.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «إِنَّمَا يَرْحَمُ اللَّهُ مِنْ عِبَادِهِ الرُّحَمَاءَ » {رواه مسلم: 923}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Алла Таала Мээримдүү пенделерие гана ырайым кылат»                               (Муслим: 923)

Бул жакты да көргүлө

Көрө албастык

Көрө албастык бул башкаларга берилген нээмат (жакшылык) тын кетүүсүн (жок болуусун) каалоо. Ал мусулман адамга …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!