Берешендик бул — өзүндө болгон нерсени ата-энесине, үй-бүлөсүнө, балдарына, кедей-кембагалдарга жана муктаждарга жумшоо. Берешендик пенденин ыйманында бекем экендигине далил болот.
قال تعالى: } فَأَمَّا مَنْ أَعْطَى وَاتَّقَى وَصَدَّقَ بِالْحُسْنَى فَسَنُيَسِّرُهُ لِلْيُسْرَى { (الليل: 5-7)
Алла Таала айтты: «Ким (садака) берсе, жана такыбалык кылса жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса – Биз ага жакшылыкты (Алла Таала ыраазы боло турган амалды) жеңил кылабыз» (Лайл: 5-7)
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم: «مَا مِنْ يَوْمٍ يُصْبِحُ الْعِبَادُ فِيهِ إِلَّا مَلَكَانِ يَنْزِلَانِ فَيَقُولُ أَحَدُهُمَا اللَّهُمَّ أَعْطِ مُنْفِقًا خَلَفًا وَيَقُولُ الْآخَرُ اللَّهُمَّ أَعْطِ مُمْسِكًا تَلَفًا» {رواه البخاري: 1442 مسلم: 1010}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Ар бир күндүн таңында эки периште түшөт. Алардын бирөөсү: “Оо, Аллах! (Сенин жолунда) малын сарптагандын ордуна мал (береке) бер” — деп дуба кылса, экинчиси: “Оо, Аллах! Сараңдын малын жок кыл!” – деп дуба кылат». (Бухарий:1442. Муслим: 1010)
Садаканын эң жакшысы (сооптуусу) жакын туугандарга берилгени. Алардын ичинен ата- эне (кедей болсо) жана балакатка (эрезеге) жетпеген балдарына берүү милдет болот. Ошондой эле, кошунаны урматтап, конокту сыйлоо берешендик болуп эсептелет.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «وَمَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَلْـيُحْسِنْ إلَى جَارِهِ وَمَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَلْيُكْرِمْ ضَيْفَهُ» {رواه مسلم: 48}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде — ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына жакшылык кылсын! Кимде — ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын»! (Муслим: 48)
Берешендик сапаты момундун кайрымдуулук иштерди аткаруусуна түрткү (себеп) болот. Мис: жетим-жесирди кепилдикке алуу, мечит-медресе куруу ж.б.у.с.
قال تعالى: }وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ خَيْرٍ يُوَفَّ إِلَيْكُمْ وَأَنْتُمْ لَا تُظْلَمُونَ { (البقرة: 272)
Алла Таала айтты: «Жакшылыктан (мал-мүлктөн) эмне сарптасаңар, (анын сообу) силерге зулум кылынбаган абалда өзүңөргө толугу менен кайтарылат». (Бакара: 272)
قال تعالى: }وَالَّذِينَ إِذَا أَنْفَقُوا لَمْ يُسْرِفُوا وَلَمْ يَقْتُرُوا وَكَانَ بَيْنَ ذَلِكَ قَوَامًا{ (الفرقان:67)
Алла Таала айтты: «Качан алар (мал-мүлктөрүн) сарптаганда, (ар дайым) орточо болуп, ысырап да сараңдык да кылышпайт». (Фуркан: 67)
قال تعالى: }إِنَّ الْمُبَذِّرِينَ كَانُوا إِخْوَانَ الشَّيَاطِينِ وَكَانَ الشَّيْطَانُ لِرَبِّهِ كَفُورًا{ (الإسراء: 27)
Алла Таала айтты: «Акыйкатта, ысырапкорлор[1] – шайтандын достору. А, шайтан болсо, Раббысына өчөшкөн каапыр»! (Исра: 27)
[1] Мал-мүлкүн арам жолго сарптагандар.