Кичи пейилдүүлүк

Кичи пейилдүүлүк бул – жөнөкөй болуу, жакшы мүнөз менен жупуну мамиледе болуу,  өзүн төмөн алып кекирейип бой көтөрбөө. Пайгамбардын (ага Алланын салават-саламдары болсун) өмүр-баяны ага сонун (тирүү) үлгү боло алат.              

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «إِنَّ اللَّهَ أَوْحَى إِلَيَّ أَنْ تَوَاضَعُوا حَتَّى لَا يَفْخَرَ أَحَدٌ عَلَى أَحَدٍ وَلَا يَبْغِيَ أَحَدٌ عَلَى أَحَدٍ»        {رواه مسلم: 2865}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Бирөө, бирөөгө кекирейип бой көтөрбөөсү жана зулумдук кылбоосу үчүн Алла Таала мага кичи пейил болууңарга аян-кабар (вахи) түшүрдү».               (Муслим: 2865)

Пайгамбарды (ага Алланын салават-саламдары болсун) Алла Тааланын аны бардык адамдардан өзгөчөлөп койгон пайгамбарлык улуу даражасы да ойноп жаткан жаш балдардын жанынан өтүп калса, салам берип, алар менен сүйлөшүп калуудан тоспойт (кайтарбайт) эле. Күндөрдүн биринде Анас (Алла Таала андан ыраазы болсун) ойноп жүргөн жаш балдардын жанынан өтүп баратып, аларга салам берди да (жанындагыларга) мындай деди:«Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) ушундай кылаар эле».

قَالَ أَنَسٌ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: «خَدَمْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَشْرَ سِنِينَ فَمَا قَالَ لِي أُفٍّ وَلَا لِمَ صَنَعْتَ؟ وَلَا أَلَّا صَنَعْتَ؟» {رواه البخاري: 6038}

Анас (Алла Таала андан ыраазы болсун) айтты:«Мен пайгамбарга (ага Алланын салават-саламдары болсун) он жыл кызмат кылдым, ал мага (бир да жолу): “Уф”! – жана “Сен эмне үчүн мындай кылдың”? же: “Сен эмне үчүн мындай кылбадың”? — деген эмес».                                                                                                           (Бухарий: 6038)

      Мусулман адам башкалардан айырмаланып жөнөкөй, сылык жана кичи пейил болуусу зарыл. Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) сахабарлардын жүрөктөрүнө жумшак мүнөз жана ак көңүлдүүлүктүн үстүнө курулган кичи пейилдүүлүктү орнотуп айтаар эле:

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم: «لَوْ دُعِيتُ إِلَى كُرَاعٍ لَأَجَبْتُ وَلَوْ أُهْدِيَ إِلَيَّ كُرَاعٌ لَقَبِلْتُ » (رواه البخاري: 5178)

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Эгерде шыйрак(тан жасалган тамак)ка чакырылсам барат элем. Шыйрак белекке берилсе да алат элем».                                                  (Бухарий: 5178. Ахмад: 2/242)

Момун пенде күчтүүлүк жана кудуреттүлүк Алла Таалага гана таандык экендигин билип Анын пенделери менен жумшак жупуну мамиледе болот. Кемсинтүү, орой мамиледе болуу жана кекирейип бой-көтөрүүдөн алыс болот. Анткени Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) ал нерседен кайтарып, мындай деген:

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «بِحَسْبِ امْرِئٍ مِنْ الشَّرِّ أَنْ يَحْقِرَ أَخَاهُ الْمُسْلِمَ» {رواه مسلم: 2564 وابن ماجه: 3933}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Адамдын мусулман бир тууганын кемсинтүүсү ага жетээрлик жамандык (күнөө) болуп эсептелет».                                                              (Муслим: 2564. Ибну Мажа: 3933)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «وَمَا تَوَاضَعَ أَحَدٌ لِلَّهِ إِلَّا رَفَعَهُ اللَّهُ» {رواه مسلم: 2588 والترمذي: 2029}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким, Алла Таала үчүн өзүн төмөн алса, Алла Таала аны(н даражасын) көтөрөт».

                  (Муслим: 2588. Тирмизий: 2029)

Кээ бир адамдар байдын байлыгы же мансаптуунун бийлиги үчүн өзүн төмөн алып, бөйпөңдөөсү – кичи пейилдүүлүк болуп эсептелбейт. Анкени, бизден талап кылынган кичи пейилдүүлүк ал жалгыз Алла Таала үчүн гана болуу керек.

Бул жакты да көргүлө

Көрө албастык

Көрө албастык бул башкаларга берилген нээмат (жакшылык) тын кетүүсүн (жок болуусун) каалоо. Ал мусулман адамга …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!