Сабырдуулук

Сабырдуулук бул Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн кыйынчылыктарды көтөрө билүү. Кураан жана Сүннөттүн өкүмдөрүнө бекем болуу. Алла Тааланын белгилеген тагдырына[1] ыраазы болуу.

Алла Таала пенделеринин сабырдуулук менен куралдануусун буюруп, анын зарылдыгын, (маанилүүлүгүн) таасирин жана акыбетин баяндап мындай деген:

قال تعالى: }يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا اصْبِرُوا وَصَابِرُوا وَرَابِطُوا وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ{   (آل عمران: 200)

Алла Таала айтты: «Оо, ыйман  келтирген пенделер! Сабырдуу болгула, ар дайым сабырдуу болгула (бекем тургула) жана (чек араларды коргоп, дайым) даяр тургула! Жана Алла Тааладан корккула! (Ошондо) жеңишке жетсеңер ажеп эмес»!                                                                                         (Али Имраан: 200)

قال تعالى: }إِنَّمَا يُوَفَّى الصَّابِرُونَ أَجْرَهُمْ بِغَيْرِ حِسَابٍ{   (الزمر: 10)

Алла Таала айтты: « Чындыгында, сабыр кылуучуларга (ыймандууларга) сооп-сыйлыктары эсепсиз (өлчөөсүз) берилет».                                                  Зумар: 10)

Сабырдуулуктун түрлөрү:

1.  Алла Тааланын ибадатындагы сабырдуулук.

قال تعالى: }رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا فَاعْبُدْهُ وَاصْطَبِرْ لِعِبَادَتِهِ{   (مريم: 65)

Алла Таала айтты: «(Ал) асмандар менен жердин жана алардын арасындагылардын Раббысы! Андыктан Анын Өзүнө гана ибадат[2] кыл жана Ага ибадат кылууда сабырдуу бол»!                                                              (Марям: 65)

2.  Алла Тааланын тыюу салган нерселериндеги сабырдуулук. Ал Алла Таала кайтарган бардык нерселерден тыйылуу менен болот (ишке ашат).

قال تعالى: }إِنَّهُ مَنْ يَتَّقِ وَيَصْبِرْ فَإِنَّ اللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ الْمُحْسِنِينَ{   (يوسف: 90)

Алла Таала айтты: «Чынында кимде-ким Алла Тааладан коркуп, сабыр кылса, Алла Таала жакшылык кылуучулардын сыйлыгын текке кетирбейт»  (Юсуф: 90)

3.  Алла Таала жазган кайгылуу тагдырына сабырдуулук кылуу.

قال تعالى: }يَا بُنَيَّ أَقِمِ الصَّلَاةَ وَأْمُرْ بِالْمَعْرُوفِ وَانْهَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَاصْبِرْ عَلَى مَا أَصَابَكَ إِنَّ ذَلِكَ مِنْ عَزْمِ الْأُمُورِ{   (لقمان: 17)

Алла Таала айтты: «(Лукман өз уулуна насаат кылып айтты🙂 Оо, уулум! (ар дайым) Намаз оку. Жакшылыкка чакыр, жамандыктан кайтар жана өзүңө жеткен кыйынчылыктарга сабыр кыл! Анткени, ал (сабырдуулук) аткарылуусу милдет болгон иштерден»                                          (Лукман: 17)

قال تعالى: }وَلَنَبْلُوَنَّكُمْ بِشَيْءٍ مِنَ الْخَوْفِ وَالْجُوعِ وَنَقْصٍ مِنَ الْأَمْوَالِ وَالْأَنْفُسِ وَالثَّمَرَاتِ وَبَشِّرِ الصَّابِرِينَ الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ أُولَئِكَ عَلَيْهِمْ صَلَوَاتٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَرَحْمَةٌ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُهْتَدُونَ{        (البقرة: 155-157)

Алла Таала айтты: « Албетте, Биз силерди коркуу, ачкачылык, мал-мүлктү, жан-денени жана мөмө-жемиштерди азайтуу сыяктуу нерселер менен сынайбыз. (Оо, Мухаммад!)  Бир кезде кайгы келгенде: “Албетте ,биз Алла Тааланын мүлкү болобуз жана албетте, биз Ага гана кайтуучуларбыз” дей турган сабыр кылуучуларга сүйүнчү кабар бер. Дал ошолорго Раббылары  тарабынан кечирим жана  ырайым бар. Жана ошолор гана туура жолго түшкөндөр».                                                                                                (Бакара: 155-157)


[1] Тагдыр бул — Алла Таала Өзүнүн чексиз билиминин негизинде жана даанышмандыгына ылайык бардык ааламдардын өлчөмүн (тагдырын) алдын — ала белгилөөсү.

Ал өз ичине төмөнкү шарттарды камтыйт: 1 — Билим: Алла Таала бул барчылыкты жаратаардан мурда эле жалпысынан жана майда — баратына чейин бардыгын билген. 2 — Жазуу: Алла Таала бардык нерсенин тагдырын аларды жаратаардан мурда эле «Лавхул — Махфуз»га жаздырган. 3 — Каалоо: Бул барчылыкта боло турган нерселердин бардыгы Алла Тааланын каалоосу менен гана болот. 4 — Жаратуу: Алла Таала бардык нерселерди затын, сыпатын жана иш — аракеттерин жараткан (деп ыйман келтирүү).

[2] Сыйынуу, табынуу.

Бул жакты да көргүлө

Көрө албастык

Көрө албастык бул башкаларга берилген нээмат (жакшылык) тын кетүүсүн (жок болуусун) каалоо. Ал мусулман адамга …