Ислам дининде аманатка кыянат кылбоонун орду чоң. Аны менен ар бир мусулмандын кооздонуусу важип (милдет) болгон, мактоого татыктуу сапаттардан болуп саналат. Алла Таала Өзүнүн ыймандуу пенделерин сыпаттап мындай деген:
قال تعالى: } وَالَّذِينَ هُمْ لِأَمَانَاتِهِمْ وَعَهْدِهِمْ رَاعُونَ { (المؤمنون: 8)
Алла Таала айтты: «Алар өздөрүнүн аманаттарын сактап, убадаларын аткарышат» (Муьминун: 8)
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «أَدِّ الْأَمَانَةَ إِلَى مَنْ ائْتَمَنَكَ وَلَا تَخُنْ مَنْ خَانَكَ» {رواه أبو داود: 3530 والترمذي: 1264}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Аманатты өз ээсине кайтарып бер! Сага кыянат кылганга кыянат кылба»! (Абу Давуд:3530. Тирмизий: 1264)
Кимде – ким аманатка кыянат кылбаса, адамдардын урмат – сыйына ээ болуп, алардын ишенимине кирет. Үй – бүлөө жана жана жакын туугандарынын арасында кадыр – баркка (абройлуу даражага) ээ болот.
Өз милдетин убагында аткарган мугалим ишенимдүү (аманатка бек) адам. Тапшырмасын аткарып келген окуучу да, ишенимдүү (аманатка бек) окуучу. Ошондой эле, тапшырылган малды же буюмду өзүндөй кылып сактап-кайтарып берген, бирөөнүн сырын жайбаган жана абрийрин төкпөгөн адам да ишенимдүү (аманатка бек) адам болуп эсептелет.
قال رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «إِنَّ مِنْ أَعْظَمِ الْأَمَانَةِ عِنْدَ اللَّهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ الرَّجُلَ يُفْضِي إِلَى امْرَأَتِهِ وَتُفْضِي إِلَيْهِ ثُمَّ يَنْشُرُ سِرَّهَا» {رواه أبو داود: 4860}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кыямат күнүндө Алла Тааланын астында аманатка кыянат кылуунун эң жаманынын бири, ал бири-бирине кошулуп, анан а(ялы)нын сырын жайылткан киши».
(Абу Давуд: 4860)
قال رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «إِذَا حَدَّثَ الرَّجُلُ بِالْحَدِيثِ ثُمَّ الْتَفَتَ فَهِيَ أَمَانَةٌ» {رواه أو داود: 4858 والترمذي: 1959}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Бир киши (жанындагы башка бирөөгө) сөз айтып, анан (оңго жана солго) кайрылса, ал (уккан адамга) аманат болот». (Абу Давуд: 4858. Тирмизий: 1959)
Тафсир аалымдары Алла Тааланын төмөнкү аятына түшүндүрмө беришкендей эле аманат жогоруда айтылгандарды да жана башкасын да өз ичине камтып алат.
قال تعالى: }إِنَّا عَرَضْنَا الْأَمَانَةَ عَلَى السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَالْجِبَالِ فَأَبَيْنَ أَنْ يَحْمِلْنَهَا وَأَشْفَقْنَ مِنْهَا وَحَمَلَهَا الْإِنْسَانُ إِنَّهُ كَانَ ظَلُومًا جَهُولًا{ (الأحزاب: 72)
Алла Таала айтты: «Биз Аманатты (Ислам милдеттерин) асмандарга, жерге жана тоолорго сунуштадык. Алар аны көтөрүүдөн коркуп, баш тартышты. Анан аны инсан өз желкесине алды. Ал – зулумкер, наадан». (Ахзап: 72)
Алла Тааланын пенделерине жүктөгөн шарият милдеттери аманат. Тил – аманат. Кол – аманат. ж.б.
Ал эми, ага тапшырылган мал-мүлккө жана (айтылган) сырга кыянаттык кылса, анда анын бул дүйнөдөгү үлүшү – ийгиликсиздик жана жек көрүлүү гана. Эгерде ал кызматчы болсо, кызматынан айдалат. Соодагер болсо, соодасы жүрбөй калат. Анткени адамдар ага ишенишпейт.
Аманат үчкө бөлүнөт:
1 – Пенденин Жаратуучусу менен болгон аманаты. Ал Алла Таалага эч нерсени шерик кошпостон жалгыз Анын Өзүнө гана сыйынуусу.
2 – Пенденин өзү менен болгон аманаты. Ал – нафсин тазалоосу.
3 — Пенденин башкалар менен болгон аманаты. Ал – алардын укугун коргоп, аманатын сактоосу.