Бул жашоого кандай максатта жаралдык?

Адамзат кандай максат үчүн жаратылган?      

         Алла Таала бул ааламды жөндөн — жөн эч бир максатсыз эле жаратып койгон жок.

            Албетте, Алла Таала бул ааламды Өзүнүн даанышмандыгы менен белгилүү бир максат үчүн жараткан.

Алла Таала айтты:

{أَفَحَسِبْتُمْ أَنَّمَا خَلَقْنَاكُمْ عَبَثًا وَأَنَّكُمْ إِلَيْنَا لَا تُرْجَعُونَ}

            «Же, Биз силерди бекер эле, тамаша кылып (б.а. дүйнөдө силерге бир да милдет жүктөбөй турган, акыретте эсеп-кысап кылбай турган абалда) жараттык жана силер Биздин алдыбызга кайтарылбайбыз — деп ойлойсуңарбы»?! (Андай эмес)                                    (Момундар: 115)

            Алла Таала бул аятта адамдарды жөндөн — жөн эле жеп-ичип, бул дүйнө жыргалчылыгынан пайдаланып, Алла Таала буюрган иштерди аткарбай, тыюу салган иштерден кайтбай, Ага шерик таңуулап жүргөн адамдардын иштери жөн эле калтырылбастан тескерисинче, ар бир адамдын бул дүйнөдө кылган жакшы же жаман иштерине жараша сыйлык же жаза болоорун баяндаган.

            Алла Таала адам менен жинди жаратуудан болгон максатты баяндап мындай деген:

{وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنْسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ}

 «Мен жин жана адамзатты жалгыз Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым».                                 (Аз — зарият: 56)

            Бул аятта ачык — айкын көрүнүп тургандай эле, адам менен жин бир гана максат үчүн жаратылган. Кимде — ким мына ошол нерсени аткарса, анда ал жаралуудан болгон максатын аткарыптыр. Кимде — ким аны аткарбаса, анда ал өмүрүн негизги максаттан сырткары пайдасыз өткөрүптүр.

            Ал максат — жалгыз Алла Таалага өзү каалагандай жана пайгамбары көрсөткөндөй ибаадат кылуу.

            Мына ошол максатты аткаруу менен гана адам баласы эки дүйнө бактылуулугуна жетише алат.

{فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُمْ مِنِّي هُدًى فَمَنْ تَبِعَ هُدَايَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ}

            Алла Таала айтты: «Кимде — ким Менин Туура Жолумду (Китеп жана пайгамбарымды) ээрчисе, алар үчүн коркунуч жок жана алар кайгырышпайт».                                                                        (Бакара: 38)

Бул жакты да көргүлө

Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!