Биз такыбалыктан өткөн жакшы азыкты көргөн жокпуз!

📌 “Биз такыбалыктан өткөн жакшы азыкты көргөн жокпуз!”
✍️’Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) мүрзөгө келип мындай деп кайрылганы кабарланат:
“О кабыр ээлери, силер мага өзүңөр тууралуу кабар бересиңерби же мен силерге жаңылык айтайынбы?. Жаңылык айта турган болсом – силердин мүлкүңөр (башка адамдарга) бөлүнүп берилген, аялдарыңар башка күйөөгө тийген, үйлөрүңөрдө башка адамдар жашап жатышат! Биздеги жаңылыктар ушу, эми бизге өзүңөрдөгү жаңылыктарды айтып бергиле!”.
Андан соң ал: “Аллахка ант, эгерде кабырдагылар сүйлөй алганда мындай деп айтышмак: “Биз такыбалыктан өткөн жакшы азык билбейбиз!”.
📚 Имам аль-Куртуби, «ат-Тазкирату фи ахвалиль-мавта ва умуриль-ахыра»

Бул жакты да көргүлө

Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!