ИСЛАМДАГЫ ЭҢ КОРКУНУЧТУУ ЖАНА УЛУУ КҮНӨӨ


Аллах Куръанда Ан-Ниса сүрөсүнүн 48-аятында айтты: «Албетте, Аллаh Өзүнө бир нерсени шерик кылынуусун кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалаган пендеси үчүн кечирет. Ким Аллаhка ширк келтирген болсо, ал өтө чоң күнөө ойлоп тааптыр!»
Эң улуу күнөө – бул ширк (көп кудайлуулук), Аллахка шерик кошуу бирөөнү (бир нерсени Аллахка теңөө, Аллахтан башка заттарга ибадат кылуу – ишенүү, корку, суроо, үмүт артуу, тобокел кылуу, жардам күтүү, зыян же пайда берет деп ишенүү ж.б.).
ШИРКТИН ТҮРЛӨРҮ

  • өлгөндөргө дуъа менен кайрылуу;
  • гороскоп, төлгөчү, көзү ачыктарга, «экстрасенстерге (кандайлыр бир адамдардын «касиети» бар деп ишенүү);
  • Аллахтан башка бирөө же бир нерсе төмөндөгү иштерге касиеттүү деп ишенүү:
  • өлтүрүү;
  • тирилтүү;
  • ырызкы берүү;
  • Ааламдарды башкаруу;
  • жамандыктан, көз тийгенден ж.б.сактоо;
  • бала-чака берүү;
  • адамдын тагдырын башкаруу;

  • Аллахтан башка бирөө же бир нерсе төмөндөгүдөй сыпаттарга ээ деп ишенүү:
  • кайыпты (мисалы келечекти) билүү;
  • Баарын Угуучу;
  • Эң Кудуреттүү;
  • кемчиликсиз
    -…
    🚫 Эгерде адам бирөөнү же бир нерсени Аллахтан да артык сүйсө
    🚫 эгерде бирөөгө же бир нерсеге Аллахтан да артык ишеним артса
    🚫 бирөөдөн же бир нерседен Аллахтан (Анын жазасынан/каарынан) артык (купуя) корксо
    🚫 көз мончок, тумар, шакек, жип ж.б.у.с тагынып, булар өз алдынча пайда алып келет, коргой жана сактайт деп ишенсе
    🚫аларды Аллах ушулар аркылуу сактайт деген ишеним менен тагынса (кичи ширк)
    🚫 адамдар көрсүн үчүн (рия) (Аллахтын ыраазычылыгы үчүн эмес, адамдар көсүн, мактасын, ыймандуу адам экен деп айтсын деген максатта ибадат кылуу – кичи ширк) ж.б.
    БУЛАРДАН АЛЫС БОЛУШ ҮЧҮН ИЛИМ АЛЫҢЫЗДАР
    ШИРКТИН КАСИЕТТЕРИ
    🚫 Аллах кечирбей турган күнөө
    🚫күнөөлөрдүн эң улусу жана эң коркунучтуусу
    🚫 эгерде адам ширк жасап өлүп кетсе түбөлүк Тозокто калат, б.а. Тозоктон эч убакта чыкпайт
    🚫 ширк кылганга чейинки мусулман абалында кылган баардык сооптуу амалдары, ибадаттары күйүп кетет
    🚫 ширк кылган адам исламдан чыгып, ишенем дегенине карабастан каапыр болот
    🚫 бирок Аллах бул күнөөнү адам чын ниет, ыхлас менен Анын алдында экинчи бул күнөөнү кайталабайм деп, ал күнөөсү үчүн убайым тартып тоба кылса гана кечирет.
    Аллахым баардыгыбызды Ага карата болгон бул адилетсиздиктен жана эң коркунучтуу күнөөнү кылып алуудан сактасын. Амиин!

Бул жакты да көргүлө

Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!