Имам аш-Шафиинин өлүм алдында шакиртине берген насааты

Имам аш-Шафиинин өлүм алдында шакиртине берген насааты
Имам аль-Музани айтат: «Мен аш-Шафии өлүм алдында жатканда аны зыярат кылып кирип: «Устаз, эмнени сезип жатасыз?» деп сурадым. Ал айтты: «Мен бул дүйнө, бир туугандарым менен кош айтышып жатканымды, ажал идишинен ичип жатканымды, Аллахтын алдына тураарымды, жаман амалдарым менен жолугаарымды сезип жана жаным Бейишке барабы деп аны куттуктаарымды же Тозокко кетеби деп ага көңүл айтаарымды билбей турам». Мен ага: «Мага насаат айт» дедим. Ал айтты: «Аллахтан корк жана Акыреттеги жашооңду жүрөгүңдө ар дайым элестетип жүр, ар дайым ажалыңды эсте жана Аллахтын алдында тураар абалыңды унутпа. Аллахтан корк, Ал тыйган нерселерден алыс бол, Анын буйруктарын аткар жана кайда болсоң да Аллах менен бол, Аллахтын сага болгон эң кичине нээматын да аз дебе, аларды шүгүрчүлүк менен кабыл кыл. Жана сенин унчукпаганың ой жүгүртүү болсун, сөздөрүң Аллахтын зикр кылуу болсун, көз салганың ибарат алганың болсун, сага адилетсиздик кылганды кечир, сени менен мамиле үзгөндөр менен мамилени ула, сага жаман мамиле кылганга жакшы мамиле кыл, кырсык басканда сабыр кыл жана Оттон такуалык менен Аллахтан коргоо сура». Мен ага: «Дагы насаат айт» дедим.
Аш-Шафии дагы айтты: «Тилиң чынчылдык болсун, таянычың убадага турууң болсун, ырайым сенин мөмөң болсун, шүгүрчүлүк сенин тазаланганың болсун, акыйкат сенин соожаң болсун, диндеш бир туугандарыңа болгон сүйүүң – сенин кооздугуң болсун, зээндүүлүгүң сенин даанышмандыгың болсун, жашооң – Аллахка баш ийүү болсун, Анын ыраазылыгы – сенин аманатың болсун, түшүнүктүүлүгүң – көрөгөчтүгүң болсун, үмүтүң – сабырдуулугуң болсун, акыйкат – сенин жабууң болсун, садака – сепилиң болсун, зекет – чеп-коргонуң болсун, уятуулук – сенин өкүмдарың бослун, жумшактык – вазириң болсун, Аллахка таянууң – зоотуң болсун, бул жалган дүйнө – түрмөң болсун, такыбачылык – жашоодогу ажырагыс сапарлашың болсун, акыйкат – сенин жол көрсөтүүчүң, ажылык жана жихад – сенин каалаган максатың, Куран – сенин аңгемелешиң, Аллах – сенин сапарлашың болсун, ким ушу сыфаттар менен сүрөттөлсө – Бейиш анын даражасы болот» «Тарих Димашк», 51-431, «Табакъату Шафийя»

Бул жакты да көргүлө

Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!