Судандык шейх Хамид

Судандык шейх Хамид айтат:

«Мен 17 жыл сыйкырчылык менен алектендим, адамдар мени чоң молдо, шейх деп ойлойт эле. Менин кол алдымда кызмат кылган 286 жин бар эле. Даараткана же ваннага кирип жатканыңарда сүннөттө келген атайы дуа-зикрлерди айтышты унутпагыла, силер ал дуаларды окуп жүргөнүңөрдө шайтандар жана жиндер силерди көрө алышпайт, буга 100% кепилдик бар, буга практика жүзүндө биздин көзүбүз жетти. Адамга жиндин көзү тийиши мүмкүн, бул көп учурда ваннада адам толук чечингенде болот. Эгерде дуаларды окуп жүрсөң, алар сени көрө алышпайт. Эркек жана аялдардын тукумсуз болуп калышынын көп себеби жиндин көзү тийгенинен болот. Элдин баары корккон онкология (рак) оорусу да көз тийгенден болушу толук мүмкүн, анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айткан: «Аллахтын тагдырынан кийин эле менин үммөтүмдө өлгөндөрдүн көбү көз тийгенден өлүшөт». Мүрзөдө 100 кабырды көрсөңөр алардын 70 же 80 көз тийүүдөн өлдү деп ишене бергиле, бирок адамдардын көпчүлүгү алар көз тийген себептен өлгөнүн сезип да коюшпайт».
«Шейх Хамиддин лекциясынан алынды. Бул адам 17 жыл бою көзү ачыктык кылып жүрүп, кийин тооба кылып, акыйкат жолго кайткан).

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!