Ата-энеге жакшы мамиле кылуу!

Балдарына капа болуп турган эненин кандай гана дубасы болбосун ал кабыл болот. Аллахтын элчисине (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бир адам келип, жихадка катышууга уруксат сурайт. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун андан: “Ата-энең тирүүбү?” деп сурады. Ал адам: “Ооба” деп жооп берди. Пайгамбарыбыз: “Сенин жихадың ошолор” деди.

Улук Аллах “Лукман” сүрөөсүнүн 14-аятында мындай дейт: “Биз инсанга ата-энесине (жакшылык) кылууну осуят (өкүм) кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен (курсагында) көтөрүп жүрөт. (Төрөлгөн соң) аны (көкүрөктөн) ажыратуу (убактысы) эки жыл. (О, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!»” деди. Лукман баласына ширкти тыйуу салган насаатынан кийин бул аятта Улук жана Кудуреттүү Аллах пендеге ата-энесине жакшы мамиле кылуу, жакшылыкка болгон буйруктарына баш ийүүнү насаат кылды. Ата-энени эскерткенден кийин эненин ролу анын сезимдеринин назиктиги жана убайым тарткандыгы себептүү өзгөчө бөлүнүп айтылды. Бул балдарга алардын энеси түнкүсүн уктабай, күндүзү чарчап тарткан азаптары жана убайымдары тууралуу эскертүү, ошондой эле балдары энесинин алар чоңойгондон кийинки да эненин аларга болгон мээримдүүлүгүн эстеп жүрүүсү үчүн насаат. Улук жана Кудуреттүү Аллах ар убакта пендесине анын энеси боюнда бар кезинде, толготуу убагында жана баласын эмчектен чыгарганда тарткан кыйынчылыктары тууралуу эскертип келет. “Апасы аны кыйналып боюнда көтөрүп, кыйналып төрөдү. Аны (боюнда) көтөрүү жана (сүттөн) ажыратуу убактысы отуз ай” (Ахкаф: 15). Эч бир адам, колунан келгенин кылса да энеси аны боюнда көтөрүп, төрөп, бакканда тарткан кыйынчылыктары үчүн толук түрдө ыраазы кыла албайт. Ибн Умар (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) ажылыкта жүрүп, энесин аркасына көтөрүп алып, Каабаны таваф кылып жүргөн адамды көрөт. Ал адам: “О Ибн Умар! Мен энемдин алдындагы карызымдан кутулдумбу?” деп сурайт. Ибн Умар ага: “Жок, сен анын сени төрөп жаткандагы бир толгоосунун акысынан да кутулган жоксуң. Бирок сен жакшы амал кылып жатасың, бул кичине эле амалың үчүн Жараткан сага эселеп сооп берет”- деди. Мунун баары аялзаты баласын курсагында көтөрүп жүргөндө жана төрөт учурунда тарткан азаптары үчүн. Жана Аллахтан башка эч ким бул азаптын кандай экенин билбейт. Ошол себептүү аялдын балдары кичине кезинде кылган сабыры жана чоңойгондогу мээрими үчүн энеге өзгөчө камкордук кылуунун баса белгилеген. Бирок Улук жана Кудуреттүү Аллахтын Өзүнө шүгүр кылуу буйругунан кийин эле “Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл!” деген Сөзүнө ылайык ата дагы, эне дагы ыраазылык алууга татыктуу. Ата-энеге ыраазылык бидлирүү бул Аллахтан келген буйрук, аны амалга алуу жана аткаруу парз. Ким буйрукка баш ийбесе өзүн күнөөлөсүн. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айткан: “Аллахтын ыраазылыгы – ата-эненин ыраазылыгында, Аллахтын каары – ата-эненин каарында” Аль-Тирмизи, Ибн-Хиббан жана Аль-Хаким.Аллахка шүгүр айтып, ата-энеге ыраазылык кылуудан кийинки эле буйрук – бул дүйнөдө аларга жакшылык кылуу, Улук жана КудуретүүАллах айтат: “Жана дүйнөдө ал экөөнө жакшы мамиледе бол” (Лукман: 15), б.а. (динге тийешеси жок) бул дүйнөлүк иштерде. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): “Бейиш эненин таман алдында” деген. Бул балдар үчүн энелердин ыраазылыгын баалоого насаат. Бул балдар энесинин жанында өзүн жупуну кармашы керек дегенди билдирет. Бул Бейшике кирүүнү каалагандар үчүн чакырык. Бирок пенде биринчи кезекте Аллахтын жана Анын элчисинин алдында пас, жупунулукту карманышы керек. Аллахтын элчиси атасы менен энесинин кимиси жакшы мамилеге татыктуураак деп сураганда энең, энең, дагы энең андан соң атаң деп берген өз насаатында эненин баалулураактыгын белгилеген. Анткени ата кээ бир учурда жумушка алек болуп, кандайдыр бир көйгөйгө кабылса аны чечкенге кудуреттүү. Бирок эне андай көйгөйгө кабыла турган болсо, кыйналып, жардамга, колдоого, ал көйгөйүн чечип берүүгө муктаж болот. Эненин баа жеткис кызматтарын баалагандыктан Аллахтын элчиси ата-энеге жакшылык кылуу тууралуу сураган адамга: “Энеңдин бут алдынан алыстаба, анткени бейишиң энеңдин бут алдында” деген. Дагы бир хадисте мындай деп айтылат: “О Аллахтын элчиси! Ата-эненин өз балдарынын алдындагы акысы кандай?” деп сурашканда ал: “Алар сенин бейишиң же тозогуң” деп жооп берген.

Бул жакты да көргүлө

Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!